• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: "Ак-Тилек" постунда оор жүк ташуучу 250 унаа кезекте турат

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. "Ак-Тилек" постунда токтоп турган фуралардын айдоочуларына ысык тамак-аш берилди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ӨКМ тарабынан “Ак-Тилек” чек ара постунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 31 жана 33-чакырымдарында 16-апрелде төрт чатыр орнотулуп, сегиз куткаруучу, тез жардам кызматынан бир бригада жана ИИМден үч кызматкер нөөмөттө турат.

"19-апрель күнү 300 айдоочуга тамак-аш берилген. 20-апрель, саат 07:00гө карата "Ак-Тилек" постунда оор жүк ташуучу 250 унаа кезекте турат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий