• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта 323 кычкылтек концентратору, жасалма дем алдыруучу 21 аппараты бар

Аймак 0

Бишкек, 27.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунда 323 кычкылтек концентратору, жасалма дем алдыруучу 21 аппараты бар. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, облуста 7 БИПАП аппараты иштөөдө.

“Таласка өкмөт тарабынан жана жарандардан да жардам келүүдө. Жакында өкмөттөн 60ка жакын кычкылтек концентратору келген. Ал эми дары-дармектер боюнча айтсам, дарыканаларда гепарин жана клексан дарылары сатылып жатат. Ал эми ооруканаларда алар бекер берилүүдө”, - дейт ал.

Мураталиев маалымдагандай, Бакай-Ата районундагы ооруканага суюк кычкылтек системасы киргизилген. Кара-Буура районунда жугуштуу оорулар ооруканасы жакынкы аралыкта ачылат.

Пикир

Оставить комментарий