• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки жыл мурун 247 айылда мектептер жараксыз болсо, азыр алардын саны 80ге түштү

Президент 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Республика боюнча эки жыл мурун 247 айылда мектептер жараксыз болчу. Бул тууралуу Бишкекте курулуп бүткөн жаңы билим берүү мекемелеринин бет ачарына арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров билдирди.

“Анын барын куруп бүтүп, азыр эле санын алдым, 80ден ашык мектеп калыптыр. Жараксыз, окуганга болбойт деген мектептер. 60-70-жылдары курулган мектептер. Кудай буюрса алдыда дагы эки-үч жылда толук салып бүтүп, мектеп, бала бакча маселесин чечебиз”, - дейт өлкө башчы.

Эскерте кетсек, Бишкекте үстүбүздөгү жылдын беш айында 15 билим берүү мекемеси курулду.

Пикир

Оставить комментарий