• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алай районунда жашап жаткан памирлик кыргыздардан кабар алышты

Коом 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-ноябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Жогорку Кенештинин депутаттары менен биргеликте Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан памирлик кыргыздардан кабар алды.

Ведомстводон билдиргендей, учурда Алай районунда 17 памирлик кыргыздардын үй-бүлөсү жашайт, 35 бала жолокпул менен, 2 адам карылыгы боюнча пенсия менен камсыздалган. Ошондой эле мектеп жашындагы жана андан чоңдору дагы билим берүүгө тартылган. Мамлекет тарабынан каралган бардык социалдык кепилдиктер жеткиликтүү.

Учурда көйгөлүү маселелерден кайра бөлүштүрүү фондунан жер бөлүштүрүү маселесин көтөрүштү. Жергиликтүү бийлик аталган маселени чечүү боюнча иштерди алып баруусу белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий