• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Президент 0


Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту.

Ошондой эле, өлкө лидерлери Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу
  2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
  3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.
  4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосунда Байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө меморандум.
  5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жана керектөө рыногун контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандум.
  6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен Азербайжан Республикасынын Интеллектуалдык Менчик Агенттигинин ортосундагы Интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум.
  7. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.
  8. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен «Азербайжан Телекөрсөтүү жана Радиоуктуруу» Жабык Акционердик Коомунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.

Пикир

Оставить комментарий