• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: "Манас айылын" эл тамшануу менен кире тургандай кылып жаңылайбыз

Президент 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган кеңири маегинде "Манас айылы" маданий этнографиялык комплексинин айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу пикирин билдирди.

Өлкө башчысы ""Манас" айылын талкалап, 5 сотых жерине кирип кетти деп Али Токтакунов менен манасчы Дөөлөт Сыдыков айтып чыгышты эле. Чын эле "Манас" айылынын жери кирип кеттиби?", - деген суроого "Манас" айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми ак үй анын менчигим эместигин айтты.

undefined

"Көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз. Элдики. Чектери биригип турат. Анча-мынча бурч болуп кармалып калган кашааларын түздөп салып жатышат. "Манас" айылын дагы жаңылап салабыз. Азыркы ахывалын барып көргүлөчү. Адамдар эмес, ит көргүс. Биз аны накта "Манас" айылы кылып жасайбыз. Азыркы турушун, архитектурасын "Манас" айылы деп айткандан уяласың. Манаска тиешелүү эч нерсеси жок. Логикага сыя турган бир дагы архитектурасы жок. Ошондуктан аны жаңылайбыз. Эл тамшануу менен кирип тургудай кылабыз", - деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров "Манас" айылынын мандайына Манас театры салына тургандыгын кошумчалады.

"Ушул жерден бир нерсени айтып коеюн. Өзүн акылдуу сезип, акыл үйрөткөндөр өздөрүн бир эсе мекенчил сезсе, мен алардан жүз эсе мекенчилмин. Манас атабыз менин жүрөгүмдө бала кезимден бери жашайт. Бала кезимде кечкисин мал тейлеп келип олтурганда, атам менен апама «Манас» китебин окуп берет элем. Алар кунт коюп угушар эле. Ошондуктан менин азыркы жасап жаткан ар бир ишим, кайсы убакта болбосун, эл тараптан “жакшы иш болуптур” деген баа бергидей жасап кетем. Ошол үчүн бардык жасап жаткан иштеримди сындагандын ордуна колдоп тургула. Өкүнбөйсүңөр", - деп кошумчалады өлкө башчы.

Пикир

Оставить комментарий