• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас шаарында Аялдардын эл аралык күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Талас шаарында 8-март - Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Майрамдык салтанат Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин концерттик залында болуп, анда калаа башчы Аскар Шабданов жалпы майрам ээлерин жеке өзүнүн жана Талас шаардык мэриясынын атынан куттукап, жалпы аруузат айымдарды ар күнү урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуу экендигин айтты.

Калаа башчысы ошондой эле кыргыз элинин тарыхында аялзат өз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө ар убак эбегейсиз зор салым кошуп келгендигин баса белгиледи.

Мындан сырткары, мэр Аскар Шабданов жана вице-мэр Мира Сейдикеримова Талас шаарынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн кесипкөй мугалимдерди, мекеме-ишкана кызматкерлерин, ЖМК тармагынын өкүлдөрүнүн эмгек алдыңкыларын Талас шаарынын мэриясынын ардак грамоталары, ыраазычылык каттары менен сыйлашты.

Иш-чара Талас шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий