• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кувейтте Кыргызстандын ата мекендик продукцияларынын көргөзмөсү өтөт

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартт КР финансы министри Алмаз Бакетаев иш сапарынын алкагында Кувейттин Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мохаммед Жасим аль-Хамад аль-Сакр менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр акыркы жыл ичинде Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы эки тараптуу товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалганын билдирди.

"Алсак, 2022-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча соода жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 8 эседен ашык өсүү менен 3,37 млн АКШ долларын түздү", - деди Бакетаев.

Ошондой эле жолугушууда эки тараптуу мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүү боюнча мындан аркы максаттар талкууланды.

Бакетаев 2023-жылдын экинчи жарымында Кувейт мамлекетинин аймагында Кыргызстандын ата мекендик продукцияларынын көргөзмөсү менен бизнес-форум өткөрө тургандыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 37 биргелешкен кыргыз-кувейт ишканалары иштеп жаткандыгын, анын ичинде соода, мал чарба, социалдык тейлөө, курулуш, кампа жана товарларды сактоо, реалдуу мүлк экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу жана маалымат алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий