• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Бишкекте эки турак үй өрттөнгөн

Кырсык 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталды.

Бишкектин Ленин районундагы Арча-Бешик жаңы конушунда жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры, жыгач шыбы жана жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкектин Свердлов районунда жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры, 2 даана жыгач терезе, 1 даана эшик жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Чүй районундагы Арал жана Гидростроитель айылдарынын ортосунда Honda Inspire үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий