• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кечеде тоонун көчүшү токтой элек. Болжол менен 2 млн метр куб жер көчкөн

Аймак 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Кара-Кечеде тоонун көчүшү токтой элек. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, өкмөт башчынын тапшырмасы менен кечээ күнү окуя жерине транспорт министринин, өзгөчө кырдаалдар министринин, Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, "Кыргызкөмүр" ишканасынын жетекчилеринин орун басарлары чыгып кетишкен.

"Алар келтирилген зыяндын өлчөмүн, айланма жолдун ордун аныкташат. Болжолдуу узундугу 3,5 чакырым болгон айланма жолдуу куруу үчүн Ат-Башы, Талас жана Ысык-Көлдөн атайын техника тартылууда. Алдын ала маалымат боюнча жер көчкүнүн көлөмү 2 млн метр кубду түзүп, жолдун 600 метрин тосуп калган. Жер көчкүнүн жылышы токтогон жок. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечими менен жол жабылган", - деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, кечээ күнү Нарын облусунун Жумгал районундагы "Кара-Кече - Дыйкан" жолунун 37-чакырымында Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий