• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров белгилүү альпинист Эдуард Кубатов менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Эвересттин чокусун багындырган белгилүү альпинист, Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов менен жолукту.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнү даңазалаган атамекендик спортчулардын ийгилигин жогору баалаарын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстанда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Мамлекет спортчуларга колдоо көрсөтүүнү улантат жана жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.

Өз кезегинде Эдуард Кубатов жолугушуу үчүн президентке ыраазычылык билдирип, дүйнөдөгү бардык 14 сегиз миңдик чокуларды багындыруу ичине кирген эң абройлуу жана татаал "Жер Таажысы" программасына катышкандыгы тууралуу айтып берди.

Ал үстүбүздөгү жылдын апрель айынан июль айына чейин дүйнөдөгү эң татаал үч — Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына чыгууну пландап жатканын айтты. Ошол эле маалда чокуга көтөрүлүү кычкылтекти колдонбостон, “сплит” режиминде жүргүзүлөт.

Аягында президент Садыр Жапаров Эдуард Кубатовго Кыргызстандын желегин тапшырып, чокуларды багындырууда ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий