• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын шаарындагы коомдук мончо иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Нарын шаарындагы коомдук мончо иштей баштады, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин тапшырмасына ылайык, Городок чөлкөмүндөгү коомдук мончо 1-апрелден тартып кардарларды тейлей баштады. Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасына чарбалык башкарууга берилип, оңдоо-түздөө жүргүзүлүп ачылды.

"Коомдук мончонун абалы менен таанышып чыккан шаар башчысы тез арада ачуу чараларын көрүп, тийиштүү колдоолорду көрсөткөн. Алдыда дагы оңдоо жумуштары жүргүзүлөт. Толук ачуу май айына пландалып, ага чейин коомдук мончонун бир тарабын иштетип туруу чечилди. Ал эми эсептешүү накталай эмес түрдө жүрүп, атайын терминалдар орнотулуп, чач-тегиздетүүчү жай да уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий