Шашылыш билдирүү: Аба ырайы 40 градуска чейин ысык болот

Коом 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. 26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы күтүлөт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Кыргызгидромет борбору белгилегендей, 27-29-июлдарда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40°ка чейин жогорулайт.

25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

26-июлда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-июлда күндүз жана 27-июлда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий