• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөндөргө кандай чара көрүлөт? Орозалиевдин жообу

Коом 0


Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. КРнын ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев тыюу салынган учурда көчөдө жүргөндөргө кандай чара көрүлөрүн айтып берди.

Анын айтымында, Бишкекке эртеңден баштап өзгөчө абал киргизилет. "Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөн жарандар ички иштер органдары тарабынан өздүгүн жана көчөдө жүрүү себебин аныктоо үчүн чектөө убактысы бүткөнгө чейин убактылуу кармалат. Ал эми өздүгү аныкталбаган жарандар кармалат жана шаар тургуну болуп чыкпагандар коменданттык аймактан чыгарылат", - дейт Орозалиев.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий