• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Эмилбек Абдыкадыров: Бишкектин негизги жолдору кеңейтилет

Коом 0


Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын негизги жолдору кеңейтилет. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.

Абдыкадыровдун айтымында, Бишкектеги алты көчө эмки жылдан тарта кеңейтиле баштайт.

“Чүй проспектиси, “Фучик, Жибек-Жолу, Ахунбаев, Байтик Баатыр көчөлөрүндөгү латокторду алып, анын ордуна трубаларды жаткырып, ошонун эсебинен жолдорду кеңейткени турабыз”, – деди Абдыкадыров.

Калаа жетекчиси иштер шаардыктардын талап, суранычтарынын негизинде жасалып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий