• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кантта 27-октябрда темир жол өтмөгү жабылат. Себеби

Коом 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын 27-октябрында саат 8:00дөн 17:00гө чейин Кант-Ивановка ашуусундагы темир жол өтмөгү жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, өтмөк оңдоо иштерине байланыштуу жабылмакчы. Оңдоо иштери Ысык-Ата районунун кайгуул кызматы менен макулдашылды.

Айланма жол үчүн (Люксембург айылынын Совет көчөсү аркылуу) 3800 чакырым боюнча жүргүзүлөт.

Ишкана жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий