• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

9 айда Баткен облусуна 1,14 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын 9 айында Баткен облусуна 1,14 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен облусунун өнүгүү программасына (статус) - 500 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды.

Ишкерлерге бюджеттик кредиттер

- 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын орду толтурууга - 90,2 млн сом бөлүндү.

Бюджеттер аралык трансферттер

- Баткен облусу боюнча 2023-жылдын 01-август айына чейин республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 368 млн сом каржыланган. Алар:

- теңдөөчү трансферт – 246,2 млн сом;

- максаттуу трансферттер – 121,8 млн сом.

Регионду өнүктүрүү фонддору боюнча Баткен облусуна 178,8 млн сом каржыланды, анын ичинен:

- Облустук өнүктүрүү фонду 117,4 млн сом;

- Райондук өнүктүрүү фонддору - 61,4 млн сом.

- өз алдынча жергиликтүү органдарга - электр энергияга 11,6 млн сом каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий