• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Октябрь райондук сотунун имаратында дагы бомба изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда саат 10:27де Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына Октябрь райондук сотунун имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге райондук башкармалыктын жетекчилери жана Октябрь райондук милициясынын 3-бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу дароо барышып, жарандар жана кызматкерлер эвакуациялап, имарат курчоого алынган.

"Азыркы учурда тиешелүү иш-чараларды өткөрүү үчүн Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдорунун келишин күтүп жатабыз", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ошондой эле бүгүн Жогорку соттун жана Ленин районлук сотунун, андан тышкары, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана "Азия Молл" соода-оюн-зоок борборунда бомба изделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий