• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министрлиги: Калкып туруучу күн электр станциясы ишке киргизүүгө даяр

Экономика 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. “Чакан ГЭС” ААК карамагындагы ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнинде Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттардын эсебинен калкып туруучу күн электр станциясын куруу пилоттук долбоорун соңуна чыгарууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күндө долбоор боюнча негизги жана комплектөөчү жабдууларды чогултуу жүргүзүлдү: станциянын 95 кВт кубаттуулуктагы калкып туруучу жана 5 кВ – жер үстүндөгү бөлүктөрү жумушчу долбоордо аныкталган пункттарга орнотулган.

Мындан тышкары, адистер трансформатордук көмөкчордонго туташтыруучу калкан орнотуп, күч кабелдерин тартышты.

Эске салсак, “Чакан ГЭС” ААК Кыргызстанда биринчилерден болуп калкып туруучу күн электр станциясынын пилоттук долбоорун ишке ашырып жатат.

Пикир

Оставить комментарий