• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунун башчысы Новопокровкадагы кийим тигүүчү фабриканын иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы кийим тигүүчү фабриканын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

ERDEN MUS ЖЧКсынын башкы директору Улан Момуновдун айтымында, компания 2021-жылы расмий каттоодон өткөн. Фабрика жайгашкан имарат ижарага алынган.

Фабриканын негизги адистиги аялдардын кийимдерин тигүү болуп саналат, ал ички жана Россиянын базарларында сатылат. Учурда фабрикада 150 адам иштейт, орточо айлык акысы 30 миң сомду түзөт.

"ERDEN MUS ЖЧКсы 23 млн сом (260 миң АКШ доллары) жабдууларды сатып алууга жана дагы 5 млн сомду ижарага алынган имаратты капиталдык оңдоого жумшады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий