• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдүн Люксембург айылында сейил бак пайда болот

Аймак 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев жана Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов Люксембург айылынын борборундагы жер участогу менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бул аянт жакында жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жаңы кичи сейил бакка айланат.

Келечектеги сквердин эскиздерин деталдуу карап чыккандан кийин жакшыртуунун башталышын билдирген капсула салуу аземи болду.

Сквердин аянты 3730 чарчы метрди түзөт. Жашылдандыруу иштерин “Кант Даркстрой” ЖЧКсы жүргүзөт.

Долбоордун жалпы суммасы 10,3 млн сомду түзүп, Чүй облусун өнүктүрүү фондунан 2,1 млн сом, Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондунан 4,3 млн сом, Люксембургдун айыл өкмөтүнүн бюджетинен 3,9 млн сом бөлүнгөн.

Долбоорду 2024-жылдын июлунда аяктоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий