• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфели 68 МЖӨ долбоорун түзөт

Экономика 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун долбоордук портфели инвестициялык көлөмү 164 млрд сомдон ашык болгон 68 МЖӨ долбоорун түзөт. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 12 долбоорго көп (2022-жылы 56 долбоор). Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында МЖӨ борборунун директорунун орун басары Улан Данилбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, 2021-2023-жылдар аралыгында долбоордун протфели 32ден 68 МЖӨ долбооруна чейин көбөйгөн. Ал эми Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында кол коюлган келишимдердин саны 3төн 24кө чейин өскөн. Инвестициянын жалпы суммасы 300 млн доллардан ашкан.

Пикир

Оставить комментарий