• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бардык ГЭСтерде күз-кыш мезгилине даярдык иштери өз нугунда жүрүүдө

Экономика 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Бардык ГЭСтерде күз-кыш мезгилине даярдык иштери өз нугунда жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, КР энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев Токтогул ГЭСинде, Үч-Коргон ГЭС, Шамалды-Сай ГЭС, Күрп-Сай ГЭС, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринде жүргүзүлүп жаткан күз-кыш мезгилинде даярдык иштеринин жүрүшүн көрдү.

Ибраев электр станциялардын жылытуу мезгилинде калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, күз-кыш мезгилине даярдык иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүү тапшырмасын берди.

Муну менен катар Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары жеринде техникалык кызматкерлерге жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда бардык станциялардагы оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле Таалайбек Ибраев Токтогул ГЭСин реаблитациялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышып, суу сактагычтагы суунун деңгээлин көрдү.

Эскерте кетсек, учурда Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли 11 миллиарддан ашты. Бул былтыркы жылдын ушул айларына салыштырмалуу азыраак. Суу сактагычта суунун аздыгы табигый көрүнүш. Бирок учурда жаз айларына салыштырмалуу суунун дэңгээли көтөрүлүүдө.1-октябрга чейин 13 млрд 200 миллион кубометр топтолот деген божомол бар.

Пикир

Оставить комментарий