• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эрмегалиев: COVID-19дан кийинки симптомдор 2-3 айда жок болбосо, анда адистерге кайрылуу керек

COVID - 19 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. COVID-19дан кийинки симптомдор 2-3 айдын ичинде жок болбосо, анда адистерге кайрылуу керек. Бул тууралуу Республикалык психикалык ден соолук борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Эрмегалиев брифинг учурунда билдирди.

“COVID-19дун жеңил, орточо оор түрү менен ооругандан кийин симптомдор калышы мүмкүн. Алар: баш оору, алсыздык, уйку качуу, кыжырдануу, маанайдын түшүүсү, ачуулануу, табиттин жоктугу. Андан коркпош керек. Бул симптомдор бара бара жок болот. Эгер аталган симптомдор 2-3 айдын ичинде өтпөсө гана адистерге кайрылыш керек”, - дейт ал.

Эрмегалиев калкка психологиялык жардам дистанттык түрдө көрсөтүлүп жаткандыгын кошумчалады. “Адистерден кеңеш алуу акысыз жүргүзүлөт. Байланыш телефондор Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында бар”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий