• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Психикалык оорусу бар жарандарга эмдөө бейтаптын макулдугу менен жүргүзүлүүдө - Эрмегалиев

COVID - 19 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Психикалык оорусу бар жарандарга эмдөө планга ылайык, бейтаптын макулдугу менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Психикалык ден соолуктун республикалык борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Эрмегалиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул категориядагы жарандарга алгач түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. “Бейтаптардын арасында эмдөөдөн баш тарткандар бар, бирок биз вакцинанын пайдасын түшүндүрүп, макулдугун алганга аракет кылабыз. Психикалык оорулар менен жабыркаган бейтаптарда эмдөөдөн өткөндөн кийин оорунун күчөп кетиши байкалган эмес”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий