• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 276 адам бейтапканаларда дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 276 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 746ны түзөт. Алардын ичинен 462 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду. Ооруканада 275 бейтап дарыланууда.

"Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен 6 бейтап реанимацияда жатат. 44 бейтаптын абалы орточо оор. 220 адамдын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий