• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япония коронавирусту аныктоо үчүн Кыргызстанга 2 миң тест берди

COVID - 19 0

Бишкек, 17.03.20. / Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Япониянын Жугуштуу оорулар улуттук институтунун башкы директору Такажи Вакита менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу 2020-жылдын 13-мартында өтүп, анын жүрүшүндө башкы директор Япониядагы учурдагы кырдаал жана (COVID-2019) / коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча чаралар тууралуу толук маалымат берди.

Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин колдоосу менен КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин жана аталган институтунун ортосунда жумушчу байланыштар түзүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча япония тарап акысыз түрдө коронавирусту аныктоо боюнча 2 миң тест берди. 2020-жылдын 17-мартында бул жардам Кыргызстанга жеткирилип Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий