• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Медиктерге август айы үчүн 287,6 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын август айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 17 миң 10 медициналык кызматкерге 287,6 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын март айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 6 миң 438 медициналык кызматкерге 37,7 млн сом төлөнүп берилди.

• апрель айы үчүн 10 миң 94 медкызматкерге 111,1 млн сом;

• май айы үчүн 9 миң 154 медкызматкерге 110,8 млн сом;

• июнь айы үчүн 9 миң 252 медкызматкерге 119,0 млн сом;

• июль айы үчүн 21 миң 910 медкызматкерге 444,2 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди.

Карантиндик-казармалык тартипте иштеген медициналык кызматкерлер үчүн бекитилген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү: кошумча күнүмдүк төлөмдөрдү эске алуу менен дарыгерлер персоналына иштеген 1 күнү үчүн – 3000 сом, мындан улам 22 иш күнүнө жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 72 миң 300 сомду түзөт.

• орто медперсоналга – 2500 сом, мында 22 иш күнү жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 61300 сомду түзөт;

• кенже жана техникалык персоналга – 2200 сом, мында 22 иш күнү жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 54700 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий