• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

800дөн ашык дарыгер COVID-19 боюнча окутулду – республикалык штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. 800дөн ашык дарыгер COVID-19 (короновирус) эпидемиологиялык көзөмөл, клиника жана профилактика боюнча окутулду. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын февраль айынан тартып республиканын бардык аймактарында 800гө жакын медайымга тренингдер жана дистанциялык окутуулар өткөрүлгөн. Азыркы учурда үй-бүлөлүк медицина борборунун 130га жакын адистери, Бишкек шаарынын тез жардам кызматы жана дарыгерлер “Сорос” фондунун колдоосу менен окуу семинарларын өтүшүүдө. Окууну аяктагандан кийин, ушул сыяктуу тренингдер ар бир райондук, шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөрүнүн адистерине жер-жерлерде окутулат.

Пикир

Оставить комментарий