• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жаштар саясатын өнүктүрүүнүн багыттары аныкталды

Коом 0

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар арасында “Жаштардын жыргалчылыгы жана бакубаттуулугу боюнча индекси” аталышындагы эл аралык изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, ар тараптуу изилдөө Маданият министрлигинин демилгеси менен “Келечек” жаштар платформасынын алкагында уюштурулду.

"Индексти иштеп чыгуунун негизги максаты өлкөдө жаштар саясатынын негизги багыттарын аныктоо, КРнын жаштарына тиешелүү болгон улуттук жана жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуунун сапатын жогорулатуу болуп эсептелет. Изилдөө алгачкы жолу Кыргызстанда системдүү түрдө 2017-жылы жүргүзүлгөн. Быйыл изилдөөнүн масштабы кеңейтилип, буга чейин жаштардын жарандык катышуусу, экономикалык мүмкүнчүлүктөр, билим берүү, маданият, ден соолук, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, коопсуздук, үй-бүлө багытында жүргүзүлүп кетсе, быйыл экология багыты дагы кошулду. Ошондой эле изилдөөнүн сапаты дагы эксперттер тарабынан бир топ жакшыртылды", - деди ал.

Надырбеков белгилегендей, изилдөөнүн жыйынтыгы менен эки тилде китептер чыгарылды, алар мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына таратылып берилет. Муну менен биз бул индекстеги жаштардын муктаждыктарын кароо менен, өзүңүздөрдүн саясатыңыздарды жүргүзүңүздөр деген сунушту берип жатабыз. Мындан тышкары, жогорудагы тогуз багыт боюнча видео-материалдар даярдалды, жакында телеканалдар аркылуу таратуу алдында турабыз.

"Аталган изилдөө Кыргызстанда 4 жылда бир жүргүзүлүп турат жана быйыл дагы БУУ, ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси жана GIZ германия эл аралык кызматтыштык уюмунун техникалык колдоосу менен өтүп, ага жалпы Кыргызстан боюнча 1700гө жакын жаштар катышты", - деп кошумчалады ал.

GIZ германия эл аралык кызматтыштык уюмунун өкүлү Азамат Абдурахманов белгилегендей, бул изилдөө жаштар саясатынын көйгөйлөрүн көтөрүүгө жана чечүүгө салым кошот. "GIZ уюму мындан ары дагы Кыргызстанда жаштар маселелеринде колдоо көрсөтүүгө даяр", - деди ал.

БУУнун өкүлү Бактыбек Кайназаровдун айтымында, Кыргызстан Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен жаштардын катмары боюнча алдыңкы орунда турат. "Бизде жаштар калктын 26%ын түзөрү айтылганы менен жумуш тармагында болобу, экономика тармагында болобу көп пайызды курган катмар болуп эсептелет. Демек, жаштардын бакубаттуулугун, өнүгүүсүн жана приоритеттерин билүү үчүн бул инструмент абдан маанилүү болуп саналат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий