• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө абал режиминин сакталышын КК Башкы штабы көзөмөлдөйт - Дүйшөнбиев

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Башкы штаб өзгөчө абал режиминин сакталышын көзөмөлдөйт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйында КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев билдирди.

“Өзгөчө абал киргизилген район-шаарлардагы режимдин сакталышын Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы көзөмөлдөйт”,- деди Райымбердиев.

Ал белгилегендей, аскер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери күнү-түнү иш алып барышат. “Ал эми кызматкерлердин эмгек акысына токтотоло кетсек, аларга кошумча акы төлөнүп берилет”, - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 42 кишиге жетти.

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Азырынча өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап, 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин киргизиле тургандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий