• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коомдук унаалар кечки саат 19:00гө чейин жүрүп турат - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 24.03.20./Кабар/. Коомдук унаалар эртең мененки саат 07:00дөн кечки саат 19:00гө чейин жүрүп турат. Бул тууралуу КРнын ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, такси кызматтары сөзсүз түрдө дезинфекцияланып турушу керек.

"Биз койгон талаптар аткарылбаса, анда мыйзам чегинде чара көрөбүз", - деп билдирди.

Ал кошумчалагандай, өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объекттеринен сырткары, бүт баары жабык болот.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 42 кишиге жетти.

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Азырынча өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап, 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин киргизиле тургандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий