• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандагы CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) курулууда. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстанда аталган ЭБЧ үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455,6 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт.

Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери аткарылды:

1164 (93,9%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1164 (93,9%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 1107 (89,2%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 744 (60%) тирөөч орнотулду. Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1241ди түзөт.

Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 150 бирдиктеги атайын техникалар, машиналар, траспорттук каражаттар жана 329 жумушчу тартылып, анын 70%га жакынын жергиликтүү тургундар түзөт.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында «Датка» көмөк чордонундагы 500 кВ чөнөктүн куруу иштери башталды.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистанн жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий