• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова ОшМУнун студенттери менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү, дүйнөнүн 3 жолку, Азиянын 5 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуп, баарлашты. Бул тууралуу ОшМУдан билдиришти.

Окуу жайдын жалпы жамааты, студенттери, спортчулары катышкан жолугушуу алгач Айсулуу Тыныбекованын спорттук ишмердүүлүгү тууралуу даярдалган видеоматериал менен башталды. Андан соң чемпион окутуучулардын жана студенттердин суроолоруна жооп берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Айсулуу Тыныбекова студенттик күндөрдү ырахат менен өткөрүп, билим алып, мээни машыктырып, дайыма өнүгүп туруу керектигин айтты. Ошондой эле күрөштү жашоосун өзгөртүү үчүн тандаганыдыгын белгиледи. Спортто биринчи адамдык бийик сапат, дисциплина жана эмгек талап кылынарын кошумчалады.

Кеченин соңунда Айсулуу Тыныбековага “ОшМУнун даңкы” медалы жана ректордун Ыраазычылык каты тапшырылды.

Айсулуу Тыныбекова мыкты суроо бергендерге кол тамгасы калтырылган белегин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий