• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдүн алыскы айылдарында көчмө документтештирүү саамалыгы өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрынан 14-ноябрына чейин Калкты тейлөө борборунун мобилдүү тобу Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунун алыскы калктуу конуштарына барды.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, мобилдик топ беш күндүн ичинде алыскы Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй, Беш-Терек, Ак-Суу, Беш-Корук жана Сретенка айылдарынын тургундарына 200гө жакын мамлекеттик кызматтарды көрсөттү.

Калкты тейлөө борборунун мобилдүү тобу төмөнкү кызматтарды көрсөттү:

  • паспортторду тариздөө;
  • ЖААК кызматтары;
  • жашаган жери боюнча каттоо;
  • чет өлкөлүк жарандарды жашаган жери боюнча каттоо.

Мындан тышкары, Калкты тейлөө борборунун мобилдик тобунун кызматкерлери "Түндүк" тиркемесине катталуусунун каалоочуларына, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн тиркеменин сервистерин колдонуу демонстрацияларын өткөрүштү. Ошондой эле адистер жарандарга көрсөтүлгөн бардык кызматтар боюнча кеңеш беришти.

Пикир

Оставить комментарий