• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматы коронавирустун жайылуусуна бөгөт коюу иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда

Коом 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылып кетпөөсү боюнча коюлган талаптарды жана иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген күндөн тартып, Милициянын кайгуул кызматы ИИМдин башка түзүмдөрүндөй эле өзүнүн милдетин так жана күчөтүлгөн тартипте аткарып келе жатат.

“Өлкөдө катталган бул илдетти алдын алуу боюнча Милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаары менен гана чектелбестен, шаарга кире бериштеги санитардык-карантиндик көзөмөл-өткөрмө жайларында да кызматын өтөөдө.

Алсак, “Маловодное” айылында, “Достук” айылындагы Ак-Жол стационардык көзөмөл-өткөрмө жайында, Кара-Сакал, Кызыл-Туу айылдарынын ортосунда, Кара-Жыгач жана Сары-Жон айылдарынын ортосунда жана башка Бишкек шаарынын кире бериш жактарында жайгашкан 16 санитардык-карантиндик көзөмөл-өткөрмө жайларында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, аскер жана медицина кызматкерлери менен биргеликте күнү-түнү күзөттө туруп кызматын өтөөдө.

Кызмат учурунда кызматкерлер жарандардын жана айдоочулардын документин текшерип, жарандарга эч себепсиз үйдөн чыкпоого, зарыл учурда өздүк гигиенаны сактап, сөзсүз түрдө колкап жана беткап кийип чыгууга, мыйзамды жана коюлган талаптарды так сактоого чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий