• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда

Коом 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасынын сунушу менен Чүй проспектисинин боюндагы №146 үйдүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Киев көчөсүнөн кире бериштен «Бета Сторес» соода борборунун администрациясы тарабынан орнотулган тосмолор демонтаждалды.

Ошондой эле түшүндүрүү иштеринен кийин Ак-Өргө конушунун Өмүракунов көчөсүн бойлой 4 даана 40 тонналык контейнерден турган тиешелүү документтери жок 2 кабаттуу объект өз ыктыяры менен демонтаждалган.

Учурда 12-кичирайондун Токомбаев көчөсүндөгү уруксаты жок темир тосмолорду демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий