• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мындан кийин Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга жол берилбейт – мэр

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мындан кийин Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга жол берилбейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 84 үй мыйзамсыз курулган.

Борбор калаада 34 үй эреже бузуулар менен курулган, анын баарын анализдеп чыктык. Алардын жетекчилери ким экенин дагы билебиз. Азыр материалдардын баары сотто жатат. Бирок кеп маселени чечүүдө. Шаардын архитектурасы Мамкурулуш агенттигине караса, эми мэриянын карамагына өттү. Мындан кийин мыйзамсыз курулуштарга жол берилбейт. Эгер үйлөр сейсмикага тиешелүү болбосо, анда легализация жолун карайбыз. Анткени ал үйлөрдө адамдар жашап жатат. Үйлөр жер титирөөгө “чыдайбы-чыдабайбы?” деп жатышпайбы, биздеги курулуштун сапаты салыштырмалуу жакшы. Анын ичинде ар кандай курулуш компаниялар бар. Майда-чүйдө компаниялар текшерилет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий