• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 44 жаштагы жаран асынып алган абалда табылган – милиция

Кырсык 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Баткенде 44 жаштагы жаран кошунасынын короосунда асынып алган абалда табылган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-февралында арыз менен Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 54 жаштагы тургуну бир тууган иниси 40 жаштагы К.К. 17-февралында өзү жашаган Кызыл-Бел айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, арыз менен кайрылган. Арыз Баткен РИИБге каттоого алынып, дайынсыз жоголгон адамдын жүргөн жерин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.

Алынган ыкчам маалыматтардын негизинде, ошол эле күнү саат 17:25тер чамасында К.К. эч ким жашабаган коңшусунун короосунда асынып алганы белгилүү болгон.

"Интернет булактарында "Баткендеги тургун айылдын четиндеги сарайдан колу-буту байланып, асынган абалда табылды" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Маркумдун бир туугандары жансыз денени ички изилдөөдөн баш тартышып, окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдиришип, тил кат менен кайрылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий