• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда Бишкек - Самара багыты боюнча бараткан поезд кырсыкка учурады

Кырсык 0

Бишкек, 05.03.23./Кабар/. Казакстанда Бишкек – Самара багытында бара жаткан жүргүнчү ташуучу поезд кырсыкка учурады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-мартта саат 10:20 Казакстан темир жолунун Шалкар - Жем участогуна караштуу Бершүгүр станциясында (Батыш Казакстан облусу, Актөбө шаарына жакын) маневр жасап жаткан тепловоз Бишкек - Самара багытында бараткан поезд менен капталынан сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен кесепетинен жүргүнчү ташыган үч вагон жабыркаган. Ал эми жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок.

"Кырсыкка учураган вагондордогу жүргүнчүлөр башка вагондорго которулду. Поезддин бригадасы, жергиликтүү бийлик жана саламаттыкты сактоо органдары майда жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, ысык тамак уюштурууда. Анын курамында 10 вагон, анын ичинен 8 жүргүнчү ташуучу вагон жана 2 жүк ташуучу вагон, 229 жүргүнчү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Рельстен чыгуунун кесепеттерин жоюу жана каттамдын андан ары жолун улоосу үчүн "Казакстан темир жолу" ААК менен биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий