• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги жана анын атындагы сейил бак ачылды

Коом 0


Бишкек, 05.03.23./Кабар/. Бишкекте бүгүн, 5-мартта, Байтик баатырдын эстелиги жана анын атындагы сейил бак ачылды.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, кыргыз элин улуттук баш кийими болгон Ак калпак күнү жана Байтик баатырдын эстелигинин ачылышы менен куттуктады.

Мамлекеттик катчы дүйнөдө баш кийимди кастарлап, сыймыктанып кийип жүргөн аз эле улут бардыгын жана алардын бири кыргыз эли экенин белгиледи.

"Биз дүйнөнү санариптешкен заманда эч нерсе менен таң калтыра албайбыз. Башка улуттун өкүлдөрү кече эле ата-бабалары кийип жүргөн кийимдерин, колдонгон буюмдарын музейлерге сактап, сыймыктануу, мактануу менен көргөзүшөт. Салыштырмалуу кыргыз элинин бай тарыхыбыз бар, биз ата-бабаларыбыздан калган маданий мурастар менен сыймыктанып, муундан-муунга өткөрүп турушубуз керек", - деп билдирди Касмамбетов.

Мамлекеттик катчы ө сөзүндө айрымдар айкелдердин ачылышына каршы чыгып жатат, бирок биз башка элдер койгон айкелдердин бир учуна да жеткен жокпуз деди. "Журтубузда кыргыз тарыхына негиз салып кеткен, кайталангыс из калтырган баатырларыбызды эстеп жүрүшүбүз керек", - деп кошумчалады мамлекеттик катчы.

Пикир

Оставить комментарий