• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу старт алат

Спорт 0

Бишкек, 02.07.23./Кабар/. Эртең, 3-июлда кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу старт алат. Оюндар Ысык-Көлдүн Тосор айылында өтөт.

Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, турнирге 8 команда катышат. Алар чүчүкулак тартуу менен эки тайпага бөлүндү.

Чүчүкулактын жыйынтыгы жана оюндардын жүгүртмөсү:

Тайпалык этап

А тайпасы Б тайпасы
Казыбек Жети-Өгүз
Баткен Чүй
Түп Каракол
Боз-Бишкек Тосор

1-тур, 3-июль

Казыбек 9:30 Боз-Бишкек
Жети-Өгүз 10:30 Тосор
Баткен 11:30 Түп
Чүй 12:30 Каракол

2-тур, 3-июль

Казыбек 15:30 Түп
Жети-Өгүз 16:30 Каракол
Баткен 17:30 Боз-Бишкек
Чүй 18:30 Тосор

Оюндар Kyrgyz Sport TV каналы аркылуу түз алып көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий