• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта Казакстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Коңшу мамлекеттердин бирине кирүү үчүн паспортуна “кирүү” деген штампты жасалма кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-октябрында паспортуна "кирүү" деген штампты жасалма кылып, "Чоң-Капка-унаажолу" өткөрүү пунктунан Казакстанга өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын Фергана облусунун Кош-Тепин районунда 1984-жылы туулган Г.Ф.Ш. аттуу өзбек жараны кармалды.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү ("Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Кармалган Г.Ф.Ш. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий