• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Акматалиев жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт

Спорт 0

Бишкек, 05.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев бүгүн, 3-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалынан баштап катышат. Анын алгачкы атаандашы грециялык Христос Христофоридис болот.

Ошондой эле бүгүн Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг), Айбек Токтогул уулу (65 кг) жана Мухаммад Абдуллаев (79 кг) да килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, буга чейин Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Эрназар Акматалиев күмүш медаль багындырган.

Пикир

Оставить комментарий