• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызыл-Кыя шаарында мал уурулуктун алдын алуу иш-чаралары жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мал базарларга, мал союлучу жайларга барып мал уурулуктун алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө малдардын идентификациялык ээндери, коюлган тамгалары жана тиешелүү документтери текшерилди. Мал ээлери жана базардын администрациясы менен сатылып жаткан малдардын тиешелүү документтерин текшерүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, милиция кызматкерлери мал ташыган унааларды да текшерүүдөн өткөрүштү.

Белгиленгендей, быйыл Кызыл-Кыя шаарында мал уурулук катталган эмес. Бирок, кошуна Кадамжай, Араван, Ноокат райондорунан уурдалган малдар Кызыл-Кыя шаарындагы мал базарларда сатылып калбашын алдын алуу зарыл.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга мал сарайларга түн ичинде кулпу салууну, жарыктандырууну, жайытта же болбосо талаага малды кароосуз калтырбоону эскертилип, актылар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий