• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадырбаев ардагерлерге 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 7-майда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 95 жаштагы Джапар Хакимовдон кабар алып, жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, калаа башчысы ардагерлерди майрамы менен куттуктап ар бирине 10 миң сомдон акчалай сыйлыктарын жана белектерин тапшырды.

Айта кетсек, быйыл Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен согуштун ардагерлерине 10 миң сомдон, ооруктун каармандарына 3 миң сомдон бөлүнгөн.

Учурда Ош шаарында жалпысынан 15 согуштун ардагери, 23 ооруктун каарманы жашайт.

Пикир

Оставить комментарий