• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык Дастан Шаршеев ММА боюнча эл аралык турнирде жеңүүчү аталды

Спорт 0


Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Кыргызстандык Дастан Шаршеев Россияда өткөн MMA`нын Aikol FC-6 аралаш күрөш боюнча эл аралык турниринде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Турнир Москва шаарында 27-октябрда өткөн. Ал жерде КМШ өлкөлөрүнөн келген спортчулардын 15 мушташы өткөн.

Шаршеев кеченин башкы мушташында өзбекстандык Ровшан Ситмуратовго каршы чемпиондук титул үчүн чыккан.

“Өзүмдү ММА`да сынап көрүүнү чечтим. Аралаш күрөшкө өтүп жатам, келечекке чоң пландар бар”, - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий