• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Куттуктайбыз! Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы мелдеште алтын медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 09.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчу Айсулуу Тыныбекова Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат. 7-мартта башталган биринчилик 11-мартта аяктайт.

Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта 1/8 финалдан баштады. Алгачкы беттешинде АКШнын балбаны Мэрилин Гарсияны, чейрек финалда түркиялык Кадрие Аксойду туше ыкмасы менен уткан. Жарым финалдык беттеште орусиялык Амина Танделованы артта калтырды.

Чечүүчү алтын медаль үчүн беттеште казакстандык Ирина Кузнецованы 5:0 эсебинде жеңип, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Пикир

Оставить комментарий