• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жалал-Абаддын Кыргызстан айылында жабык типтеги кичи футбол аянтчасы курулду

Аймак 0

Бишкек, 09.03.24./Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкаруусуна караштуу Кыргызстан айылында жабык типтеги кичи футбол аянтчасы курулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган футбол аянтчасы Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу, шаар бюджетинен бөлүнгөн акча каражаты жана жергиликтүү элдин салымы менен бүткөрүлгөн.

Ачылыш аземине шаар мэринин орун басары Жаныш Раимжанов, аталган аймактык башкаруунун башчысы, жергиликтүү жашоочулар катышты.

Пикир

Оставить комментарий