• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында Баткенден келген 34 адам жайгаштырылды

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21./Кабар/. Бүгүн, 1-майда кечки саат 22:00дө Баткен облусунан келген жарандар Ош шаарындагы Шейид-Дөбө мечитиндеги медресеге жайгаштырылды.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, жалпысынан аялдар, жаш балдар жана улгайгандар болуп 34 адам келген. Алардан Эмил Шадыханов кабар алып, тийиштүү кызматкерлер менен бирге жайгаштырып жатышат. Алар жылуу төшөктөр, тамак-аш менен камсыздалууда.

"ӨКМдин жана медресенин кызматкерлерине, ошондой эле кайрымдуу жарандарга терең ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү күндө Ош шаарына жалпы 88 адам келип жайгашты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий